Жаңылыктар
А.Крестинин: Мьянманы алсыз курама деп айтуудан алысмын
Спорт
А.Крестинин: Мьянманы алсыз курама деп айтуудан алысмын

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы эртеңки оюнга даяр. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Александр Крестинин Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Борбордо боло турган беттеште күйөрмандарга жеңиш тартуулоону убада кылды.

"Курамадагы оюнчуларым эртеңки беттешке толук даяр десем болот. Командадагы ички атмосфера жакшы. Биздин күйөрмандарга жеңиш тартуулап, кубантууга күчүбүз жетет. Мьянманы алсыз курама деп айтуудан алысмын. Мен үчүн бардык атаандаштар күчтүү",-Александр Крестинин

Эртең, 10-октябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстан - Мьянма курамалары беттешет. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бүйүрдү кызыткан беттеш саат 20:30да башталат.