Жаңылыктар
Түрк академиясынын алкагында билим берүү багыттары талкууланды
Билим
Түрк академиясынын алкагында билим берүү багыттары талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Анда билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана “Манас” эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди. Президент түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи.

Өлкө башчысы Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турган Жусуп Баласагындын "Куттуу Билим" эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди. Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали Президентке – Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин төрагасына Академиянын азыркы ишмердиги жана алдыга коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди. 

Кыргызстан менен Казакстандын элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.