Жаңылыктар
Кичин: курамадагы футболдук атмосфераны сагындым
Спорт
Кичин: курамадагы футболдук атмосфераны сагындым

Эртеңки боло турган беттеште, футбол боюнча Кыргыз курамасында Валерий Кичин капитандык милдетти аткарат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында, курамабыздын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ачыктады. Ал эми Кичин Мьянмага каршы боло турган беттеште болгон күчүн жумшап ойнорун айтып, бул күндү күткөнүн баса белгиледи.

"Клуб менен курамадагы футболдук атмосфера эки башка нерсе. Мага курамада ойногон абдан жагат. Бул күндү чыдамсыздык менен күттүм деп да айтсам болот. Кыргыз курамасындагы футболдук атмосфераны сагындым. Эртең биз жеңиш үчүн ойнойбуз",-Валерий Кичин.

Эртең, 10-октябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстан - Мьянма курамалары беттешет. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бүйүрдү кызыткан беттеш саат 20:30да башталат.