Жаңылыктар
Жазы-Кечүү айылына кийинки күзгө чейин электр берилет
Аймак
Жазы-Кечүү айылына кийинки күзгө чейин электр берилет

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына кийинки жылдын сентябрь айларына чейин электр энергиясын берүү пландалып жатат. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров аталган айылдын тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду. 

Жергиликтүүлөр менен болгон талкуунун жыйынтыгында Жазы-Кечүү айылынын тургундары тарабынан чакан ГЭС куруу планы колдоо тапты. 2020-жылдын сентябрь айына чейин инвесторлордун жардамы менен электр жарыгын берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. 

Айылда 140 түтүн, тактап айтканда 600дөй адам жашайт. Анда 100 орундуу мектеп жана ФАП бар. Кыш алты айга созулуп, кар калың жаайт. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.