Жаңылыктар
Президент бир катар мамлекет элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
Президент бир катар мамлекет элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда дипломатиялык ишмердигин баштаган бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейн мамлекеттери. МЭЭР: Ар бир өлкө менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары бар. Алар айыл чарба, соода-экономика, туризм, айти тармагы сыяктуу багыттар.

Ак үйдүн алдында ар бир элчини ардак кароол өзгөчө салтанат менен тосуп алды. Президентке ишеним грамотасын тапшыруу үчүн алгач Жапониянын Кыргызстандагы элчиси кирди. Бул документ аркылуу ар бир элчиге эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга, алаканы өнүктүрүүгө ишеним артылат.

Кыргызстан менен Жапония мамлекети соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана социалдык тармактар боюнча кызматташып келет. Бирок, эки тараптуу алака жетиштүү деңгээлде эмес. Өлкө башчысы Жапония менен мындан ары кызматташтык артат деген ишенимин билдирди.

Элчилердин ичинен Гана мамлекетинин өкүлү өзгөчөлөндү. Саути Яхья Идди ишеним грамотасын тапшырууга Гана мамлекетинин улуттук кийими менен келди. Мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди. Кыргызстан менен Гана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр.

Испаниянын Кыргызстандагы элчиси Давид Артуро дагы дипломатиялык ишмердигин жаңы баштады. Элчи айыл чарба, энергетика, туризм жана айти тармагындагы Испаниянын тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасамакчы. Айтымында, бул тармактарда өлкөнүн чоң потенциалы бар.

Мындан сырткары президент молдованын Элчиси - Андрей Негуцанын ишеним грамотасын кабыл алды. Акыркы кезде Кыргызстан менен Молдова мамлекети кызматташтыкты активдештирүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Молдованын президенти буга чейин бир нече жолугушууларды өткөрүп, акыркы жолу Арменияда ЕАЭБдин саммитинин алкагында кезигип, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Эки өлкө аралыктын алыстыгына карабай соода экономикалык карым катнашты кеңейтүү аракетинде.

Ишеним грамоталарын Шри Ланканын Элчиси - Нурдин Мохаммед жана Бахрейндин Кыргызстандагы элчиси Анвар Юсуф Абдулла тапшырды. Элчилер менен жолугушууда Президент ар бир мамлекет менен эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Өз кезегинде элчилер Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Президент ар бир мамлекет менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча элчилердин активдүү ишин кубаттаарын белгиледи.