Жаңылыктар
Жалал-Абад – Маданият жолунун курулуш жанданды
Аймак
Жалал-Абад – Маданият жолунун курулуш жанданды

Курулушу токтоп калган Жалал-Абад – Маданият жолу кайра жанданды. Азыркы учурда 570чи чакырымында жер иштери, 517чи чакырымда көпүрө куруу жумуштары жүрүп жатат. Быйыл Бишкек - Ош каттамынын 67 чакырымын, же Маданият - Жалал-Абад аралыгын жаңыдан куруу иштери башталган. Сметалык баасы 72 миллион долларды түзгөн жолду курууга 60 миллион доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан каралган. Калган акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. 

Ал эми курулуштун 3 айга токтоп калганынын себеби, жаңылана турган жолдун долбоору мамлекеттик экспертизадан өтпөй эле башталып кеткен. Ошондон улам Евразия өнүктүрүү банкы каражат бөлүүнү токтотуп койгон. Маданият - Жалал-Абад аралыгын бүткөрүү мөөнөтү 36 ай. Жолду Азербайжандын "Айсвирт" компаниясы тендерден 59 миллион долларга уткан.