Жаңылыктар
Британиянын тургуну "EuroMillions" лотереясынан ири суммадага акча утуп алды
Дүйнө
Британиянын тургуну "EuroMillions" лотереясынан ири суммадага акча утуп алды

POST1RIGHT

Улуу Британиянын тургуну "EuroMillions" лотереясынан 190 млн евро утуп алды. Бул утуш Британиянын лотерея ойнотуу тарыхында эң ири сумма болуп калды. Буга чейин 2011-жылы Шотландияда кыз-жигит 161 миллион фунт утуп алып, рекорд койгон эле. EuroMillions лотереясы эң алгач 2004-жылы 13-февралда Франция, Испания жана Улуу Британияда ойнотулган.

Кийин ошол эле жылы Люксембург, Бельгия, Швейцария, Португалия, Ирландия жана Австрия өлкөлөрү кошулган. Белгилей кетсек, бир лотерея билетинин баасы эки жарым евро турат жана бир жолку ойнотула турган лотереянын 200 миллион даанасы сатылып кетет.