Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 10 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Бишкектеги Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун имаратынын чатыры күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.