Жаңылыктар
Чүй: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды
Дин
Чүй: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

Чүй ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экстремисттик аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн. Иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 48 жаштагы Б.К. аттуу мүчөсү кармалды. Ал интернет түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды тараткан.

Мындан сырткары Аламүдүн районунда дагы аталган уюмдун мүчөлөрү кармалды. Алар элди үгүттөөгө шектелүүдө. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда уюмдун 6 китеби, 19 баракчасы табылды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.