Жаңылыктар
Жолдогу уурдалган темир торлор
Кыргызстан жаңылыктары
Жолдогу уурдалган темир торлор

Бишкектин жаңы конуштарында жолдогу арык тутумунун темир торлору массалык түрдө уурдалууда. Ак-Өргө жаңы конушунун 3 аялдамасынан эле 9 темир тор жоголгонуна биздин чыгармачыл топ күбө болду. Ал эми чуңкурга түшүп кетип, жабыркаган жарандар жок эмес. Шаар бийлиги бул темир торлорду уурдагандар менен күрөшүүнүн амалын таппай келет.

Бул Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушу. Ахунбаев менен Алыкулов көчөлөрү кесилишкен жердеги аялдамага автобус же кичи маршруттук унааны күтүп туруу кооптуу болуп калды дешет тургундар. Бир нече жумадан бери аялдамадагы арыктын үстүндөгү темир торлор уурдалып, байкабай чуңкурга кирип кеткен учурлар болуда.

Бул жалгыз учур эмес. Жаңы конуштун үч аялдамасынан тогуз темир тор уурдалган көрүнүшкө биз да күбө болдук. Мындай учур жаңы конуштарда гана эмес борбор калаанын кичи райондорунда да орун алууда. Бишкек шаарынын спорттук-реабеилитациялык борборунун травматология пунктуна 2-3 күндө бир чуңкурга түшүп кетип, жабыркагандар кайрылышат.

Жолдордун ремонтуна шаар бийлиги жооптуу болгону менен жабыркагандардын чыгымын төлөп берүүгө каражат бөлүнбөйт. Ал гана эмес уурдалган темир торлорду алмаштыруу боюнча берене жок. Ага карабастан шаардык бюджеттен акча бөлдүрүүгө аргасыз. Айрым маалыматтарга караганда былтыр уурдалган темир торлорду алмаштырууга бюджеттен 1 млн 800 миң сом сарпталган.

Бишкек шаары боюнча 40 миңден ашуун темир жапкычтар жана темир торлор бар. Алар ар кайсы шаардык түзүмдөрдүн карамагында. Тогуз айдын жыйынтыгы менен шаарда 200гө жакын темир торлор уурдалган. Мындай көрүнүш жылдан-жылга кайталанганы менен мэрия дагы, укук коргоо органдары дагы уурулардын изине түшө элек.

Бул маселе боюнча шаардык милицияга чалып, бул - мэриянын иши деген жооп алдык. Шаар бийлиги болсо элди тартипке чакыруу менен чектелди. Ал эми уурдалган темир торлордун ордун калыбына келтирүү шаардыктардын чөнтөгүнө келип такалат.