Жаңылыктар
Япония өлкөсүнөн алынып келинген медициналык жабдуулар
Ден соолук
Япония өлкөсүнөн алынып келинген медициналык жабдуулар

Япония өлкөсүнөн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборуна медициналык жабдуулар алынып келинген. Ал "Чөптүн тамыры - адамдардын коопсуздугу" долбоорунун алкагында ишке ашты. Грант түрүндө келген 42 миң 300 долларга сатылып алынган жабдуулар бейтаптардын кызматында.

Мал киндиктүү Теңир-Тоонун Кочкор районунун тургуну Таалай Бөкөев суук тийгенден өтүшүп кетип, бутун кестиргенине 1 жарым жыл болду. Жасалма бут салдырткандан кийин ушул Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборуна келип маал-маалы менен ден-соолугун чыңдап турат.

Ачылганына 19 жыл болгон бул жайга республиканын бардык аймактарынан таяныч кыймыл аракеттеринде көйгөйлөрү бар адамдар келип комплекстүү жардамдарды алышат. Ден соолугунан жабыркап, мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптарга шарт түзүп берүү максатында борбор атайын долбоорлордун негизинде ири өлкөлөрдөн жардам алып турат.

Япониядан грант түрүндө бөлүнгөн 42 миң 300 долларга кан тамырлары аркылуу дарт аныктоочу, жүрөк ооруларын изилдөөчү жабдууларды жана майыптыгы бар оорулуу адамдардын ден соолугун чыңдоочу жабдуулар алынган. Алардын баары бейтаптар үчүн кызмат кылууда дейт борбордун дарыгери.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды калыбына келтирүүчү жайда машыгуучу бөлмөлөр бар. Буга катарлаш суу менен дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлсө дешет бейтаптар.