Кыргызстандын 5 миллиард долларга чейин инвестиция тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Өкмөт башчысы мындай болжолду эл аралык абройлуу институттардын изилдөөлөрүнө таянып билдирди. Бишкек инвестициялык форумуна миңден ашуун ишкер жана чет элдик белгилүү компаниялардын өкүлдөрү чогулуп, чет өлкөлүк кырктай ири компаниянын товарлары тааныштырылды.
Ири көргөзмөгө миңден ашуун ишкер катышууда. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги кырктай компаниянын ишмердүүлүгү, өндүргөн продукциялары менен таанышып жатышат. Кыргызстандын бизнес чөйрөсү белгилүү брендди пайдаланып ишкерлик кылуусуна шарт түзүлөт. Франшизаны же ишкердин белгилүү бир компания менен анын брендин колдонууга укук алган келишимге жетишүүсүн ишке ашыруу көргөзмөнүн негизги максаты. Катышуучу чет элдик компаниялардын көпчүлүгү АКШга таандык.
Өз кызмат көрсөтүүсүн, өндүргөн продукциясын сунуштаган ишканалардын арасында маалымат технологияларын, айыл чарба техникаларын чыгарган компаниялар бар. Бишкек инвестициялык форуму ишкерлердин кызматташуусуна аянтча катары үчүнчү ирет уюштурулду. Аны ачуу аземине катышкан өкмөт башчысы өлкөнүн бизнеске түзүлгөн шарттары эл аралык деңгээлде баалана баштаганын эске салды. Маселен Дүйнөлүк банктын Дуинг-Бизнес рейтинги аз күн мурда жарыялаган баяндамасында Кыргызстан 20 реформатор мамлекеттин катарына кошулган. Фискалдык органдардын текшерүүлөрүн азайтуу, салыктарды жеңилдетүү, Бизнес-Омбудсмен мекемесин түзүү да ишкерликти өнүктүрүү үчүн соңку айларда жасалган кадамдар.
Дүйнөлүк абройго ээ компанияларды чакырууда иш-чараны өткөрө турган жер да өзгөчө мааниге ээ. Мындай кызмат көрсөтүүнү ишкер Турусбек Мамашов колго алды. Бардык шарттары каралган фитнес борбордун ачылышы ири көргөзмө уюштурулган күнгө дал келди. Форумдун катышуучулары алты миң чарчы метрди түзгөн жайды көрүштү. Бишкек инвестициялык форуму эки күнгө белгиленген. Алдыда ишкерлердин ортосунда бир катар келишимдер түзүлөөрү күтүлүүдө.