Жаңылыктар
Кыргызстан-Өзбекстан: чек арачылардын биргелешкен машыгуусу өттү
Чек ара
Кыргызстан-Өзбекстан: чек арачылардын биргелешкен машыгуусу өттү

Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын алгачкы ирет биргелешкен машыгуусу өттү. Машыгууда 3 өлкөнүн чектешкен жеринде куралдуу топтордун басып кирүүсүнө каршы туруу жана биргеликте аракеттенүүсү сыналды. Максаты - эки мамлекеттин чек ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара тыгыз кызматташтыкты бекемдөө жана мамлекеттик чек арада террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешип каршы аракет көрүү. Ага Кыргызстандын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын жоокерлери, ошондой эле ИИМдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери катышты.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы чектешкен аймакта уюштурулган чек арачылардын тактикалык машыгуусу шарттуу түрдө Тажикстандын чек арасын бузуп чыгып, Өзбекстан менен Кыргызстандын аймагына кирген 100дөй куралдуу топту биргелешип, чогуу жок кылууну максаттаган. Мында эки өлкөнүнүн чек арачылары жана кошумча күчтөрдү тартуу менен абадан жана жерден сокуу уруу, эки өлкөнүнүн куралдуу күчү чогуу аракеттенүү жолдорун иштеп чыгышкан.

Эки өлкөнүн чек арачыларынын мындай кызматташтыгы алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Бул кызматташуунун жаңы багытка кадам ташталып жатканы, кошуна өлкөлөрдүн бири-бири менен тирешпей аймактык коопсуздукка чогуу кам көрүү ниетинде экенин билдирет. “Щит-2019” аталышындагы машыгуу мындан 20 жыл мурда так ушул Баткен районунун аймагына эл аралык террордук топтун куралдуу кол салуусунун мисалында уюшулду.

Жыйынтыгында кыргыз жана өзбек чек арачылары ар кандай коркунучтарга каршы туруу үчүн жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүштү. Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы эки тараптын тең чек арачыларына төш белгилерди тапшырды.