15-октябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңишинин кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри катышат. Бир жыл мурда уюмга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны Чолпон-Ата шаарында өтүп, анда Президент Сооронбай Жээнбековдун түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин үзгүлтүксүз өткөрүп туруу сунушу колдоо тапкан.
Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйыны 2018-жылы сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Түркия жана Азербайжандын президенттери катышкан. Чолпон-Атадагы саммитте Өзбекстанды уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алуу чечими кабыл алынган. Венгрия болсо байкоочу мамлекет макамында катышкан эле.
3 жылдык тыныгуудан кийин кайра жанданган саммит өз кезегинде Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды. 2016-жылы саммитти биздин өлкө кабыл алмак. Бирок, Кыргызстан бир эле учурда Түркия, Азербайжан, андан кийин Казакстан менен мамилеси сууп кеткенден кийин, 2015-жылдан бери иш-чара токтоп турган. Былтыр саммит жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун убагында уюштурулду. Адистер уюмдун жыйыны өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө өбөлгө болду деп эсептешет.
Кезектеги саммит Баку шаарында өткөнү турат. Ага Өзбекстан толук кандуу мүчө катары катышса, Венгрия байкоочу макамында болмокчу. Президент Жээнбеков өткөн жыйында Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганын, бул уюмдун аймагын дагы да кеңейтип жатканын белгилеген. Адистер Түрк тилдүү мамлекеттер акыркы кезде маданий гуманитардык кызматташтыктан сырткары инвестициялык жана экономикалык алаканы тереңдетүүгө басым жасап жатканын айтышат. Кезектеги жыйынга Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин катышары күтүлүүдө. Ал эми уюмга төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт.
Былтыр Чолпон-Ата саммиттинде уюмдун декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Муну менен түрк кеңешинин 2018-жылдагы жыйыны түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтагындагы жаңы көп багыттуу алаканын башаты болуп калды.