Жаңылыктар
Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде утту
Спорт
Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде утту

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянманын курама командалары беттешип, 7:0 эсебинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жеңишке жетишти. 

Бул оюн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өз жериндеги алгачкы беттеши болуп саналат. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилип калган.