Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков КМШ МБК кезектеги жыйынын катышуу үчүн Ашхабадка барды
Саясат
Сооронбай Жээнбеков КМШ МБК кезектеги жыйынын катышуу үчүн Ашхабадка барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын баш калаасында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. 

КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.