Жаңылыктар
Туризмде секирик жасоо аракети көрүлүүдө
Туризм
Туризмде секирик жасоо аракети көрүлүүдө

Туризм экономиканын толук кандуу тармагына айланышы үчүн, биз анын өнүгүүсүндө секирик жасоого жетишүүбүз керек. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. 

Өкмөт башчынын айтуусунда, Өкмөт туризмди экономиканын толук кандуу тармагына айлантууга багыт алды. Жалган, эскилиги жеткен, талап кылынбаган иш-чаралардын ордуна, таасир бере турган кадамдарга күч жумшоого жана жакынкы арада туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоо үчүн ачык аянтча уюштурууга басым жасоону Өкмөт башчы сунуш кылды. 

Баарлашуу аянтчасы мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин, эксперттик жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн бириктириши керек.