Жаңылыктар
ЕАЭБ алкагындагы артыкчылыктар
Билим
ЕАЭБ алкагындагы артыкчылыктар

Мындан бир жыл мурун, 8-майда Москвада өткөн жыйында Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болууну ырастаган документтерге кол коюлган болчу. Биримдикке кирген соң, кыргыз эмгек мигранттарына бир катар мүмкүнчүлүктөр каралган. 

Биримдикке мүчө Кыргызстандын билим берүү системаларынан алынган баардык дипломдор, сертификаттар Россия аймагына жумушка орношууга жарактуу деп таанылат. Билим алган ар бир кыргыз жараны кесибин аркаласа болот. Башка улуттун мигранттарына салыштырмалуу Кыргызстандыктарга Россиянын эшиги кенен ачылды десек болчудай. Айрымдары жакшы орундарга орношуп эмгектенүүдө.

Кыргызстан ЕАЭБ кошулганына бир жылга чукулдап калды. Мекендештерибизге карата тоскоолдуктар кыйла жоюлган. Эң башкысы кыргыз эмгек мигранттары ал жакта өз өлкөсүндө жүргөндөй эркин иштей алат.