Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
Саясат
Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

КМШ мамлекет башчылары Түркмөнстандын борбору Ашхабадда чогулушту. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өткөнү турат. Жыйынга катышуу үчүн кыргыз лидери бүгүн эртең менен Ашхабадка барды. Негизги иш-чара башталганга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Кеңештин жыйынына катышуунун алкагында өлкө башчысы дагы да бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз мамекеттер шерктештигинин Мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу учун Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди. Мамлекет башчысын Ашхабаддагы Эл аралык аэрпопорттон Түркмөнстандын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Эсенмурат Орозгелдиев, КМШнын аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев тосуп алды.
Белгилей кетсек, КМШ жыйынынын күн тартибине шериктештиктин алкагында өз ара кызматташуу, анын ичинде экономикалык алакаларды арттыруу, терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү, укук коргоо жана аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери камтылган жана аны КМШ лидерлери талкууланганы турат.

КМШнын отурумуна чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушту. Анда мамлекеттер ортосунда соода-экономикалык байланышты терендетуу маселелер негизгилерден менен Түркмөнстан быйыл товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын экономикалык жана эки өлкөнүн бир катар башка багыттагы алакалары да талкууланды.

Ошол эле учурда Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгындагы маанилүү маселелер талкууланды.

КМШ жыйыны тууралуу улантсак шериктештикке кирген мамлекеттердин башчылары Улуу Жеңиштин 75 жылыдыгына карата шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элине жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу кабыл алаары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, кун мурда Ашгабадда КМШга кирген өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп, анда шериктештиктин тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк мамилени күчөтүү боюнча Программа кабыл алынды, маң жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу өңдүү дагы бир катар олуттуу документтер талкууга алынды. Муну менен катар уюмга кирген мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери президенттердин кароосуна сунуштала турган документтерди да макулдашышты.