Жаңылыктар
Кыргызстан-Тажикстан: чек араны тактоону тездетүү маселеси талкууланды
Чек ара
Кыргызстан-Тажикстан: чек араны тактоону тездетүү маселеси талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. 

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны өстүрүү, анын ичинде чек ара кызматташтыгы да талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жакынкы келечекке кызматташуунун артыкчылыктуу пландарын белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.