Жаңылыктар
Жаз-Кечүү айылына кийинки жылы электр жарыгы берилет
Аймак
Жаз-Кечүү айылына кийинки жылы электр жарыгы берилет

Жаз-Кечүү айылынын тургундарына кийинки жылы электр жарыгын жеткирүү пландалууда. "Энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров Жалал-Абад облусундагы жарык жете элек Жаз-Кечүү айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал калкты электр энергия менен камсыз кылуунун 3 жолун, сунуштап, жергиликтүү тургундар тарабынан кичи ГЭС куруу жагы көбүрөөк колдоого алынды. 

Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылы Кыргызстандагы электр тогу жетпеген, жашоочулары көп айыл катары эсептелинет. Айыл район борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Жалпы 160 үй бар, анда 500гө жакын эл жашайт, айылда мектеп жана ФАП бар.

“Биз жашоочулар үчүн пайдалуу жолун караштыруудабыз. ГЭС курабыз, же электр тогун тартып келебиз. Азыр биз менен келген делегациянын курамында кичи ГЭС куру боюнча адистер бар. Алар изилдеп чыгып, мага жообун айтышат. Буйруса, келээрки жылы элге электр энергия беребиз деген пландар бар”,- дейт "Улуттук Энергохолдинг" ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаров.