Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тарыхый оюн көрсөттү
Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тарыхый оюн көрсөттү

Тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы атаандаштын дарбазасына жети гол киргизди. 7:0 эсебинде атамекендик курама команда Мьянманы утту. Улуттук кураманын футбол боюнча Дүйнө чемпионаты жана Азия Кубогунун тандалма турунун алкагында 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада биринчи мелдеш болду. Оюнда Эдгар Бернхардт, Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов жана Валерий Кичин башка футболчулардан айырмаланышты. 

Оюндун алдыңкы мүнөттөрүндө Кыргызстандын курама командасы жакшы дем менен баштап, мелдеш кызыктуу уланды. Биринчи голду Эдгар Бернхардт 5-мүнөттө, экинчисин 10-мүнөттө киргизе алды. Андан соң биринчи таймда 3 голду Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов жана Валерий Кичин киргизишти.

Экинчи таймда Алимардон Шүкүров менен Эдгар Бернхардт дагы бирден гол киргизип, жетинчи голдон кийин күйөрмандардын бири сүйүнүчүнөн талаага чыгып, кайра өз ордуна барды. Оюн убагында атамекендик спортчулар киргизген эки гол офсайд үчүн эсептелген жок. Буга карабастан тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн чоң жеңиш. Мелдештин эсеби 7:0 эсеби менен аяктады.

Мындан мурдараак айтып кеткендей эле, биз жаңы команданы түзгөнгө байланыштуу оор болду. Биринчи эки голдон кийин биздин команда өздөрүн таштап салды. Кыргызстандын курама командасынын даярдыгы абдан жакшы болгону байкалды. Кыргызстандык курама командасын мындай чоң жеңиш менен куттуктагым келет”.

Белгилей кетсек, сентябрь айында атамекендик спортчулар тажикстандык футболчуларга утулуп калышкан. Эми 15-октябрда кыргызстандык спортчулар Монголия менен ойнойт, Тажикстан Япониянын курама командасы менен беттешет. F тайпасындагы турнирдин тизмесинде Япония 6, андан кийин Тажикстан 6 упай, Кыргызстан менен Монголияда 3төн упай, ошондой эле Мьянма акыркы орунда келе жатат.