Жаңылыктар
Батукаевдин иши карала баштады
Кылмыш
Батукаевдин иши карала баштады

Бүгүн 11-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум башталып, баштапкы соттук угуу 14-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Отурумга катышкан улук прокурордун берген маалыматы боюнча, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду. Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишти. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген маалыматтарды бергенин билдирди. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. 

Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов. Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн, макамы башка. Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар. Эскерте кетсек, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөргөн.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча жазык иш каралмак. Саат ондо конвой Атамбаевди камакта отурган жана Качкыналиевди убагында алып келбеген учун 11 жылды. 11 Качкыналиев алынып келип, Атамбаев алынып келбегенине байланыштуу иш 14-октябрга жылды. Жазык процессуалдык кодексте 275-берене 2-бөлүктөгү талапка ылайык кайсы убакта алдын ала кароо жазылган эгер айыпт алуучу озунун отуну менен менин катышуумсуз карай бергиле десе каралмак башка учурда жол берилбейт,- деди Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышов.