Жаңылыктар
Бишкекте инвестициялык форум уланууда
Экономика
Бишкекте инвестициялык форум уланууда

Бишкекте инвестициялык форум уланууда. Ага чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун ишкер катышып жатат. Алар өзүлөрү өндүргөн товарларды тааныштыруу, бизнес чөйрөсүндө өнөктөш издөө үчүн келишкен. 

Бишкек инвестициялык форуму төртүнчү ирет уюштурулууда. Буга чейинки жылдарда өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгы менен 9,5 миллион долларлык долбоорлор ишке ашырылган.

“Буга чейинки үч форумдун натыйжасында айыл чарба технологиясы боюнча, Намба такси ж. б. долбоорлор ишке ашырылган",- деди "TREDSTONE" инвестициялык фондунун башкаруучу өнөктөшү Умбриэль Темиралиев.