Жаңылыктар
Төрага БУУ өкүлдөрүн кабыл алды
Саясат
Төрага БУУ өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргызстан үчүн жакырчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугу, сапаттуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо, арзан электр энергиясы, айлана-чөйрөнү коргоо милдеттери артыкчылыктуу багыттар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун системасындагы ПРООН, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, ООН-Аялдар жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өңдүү бир катар алдыңкы агенттиктердин аткаруучу кеңештеринин делегациясын кабыл алганда билдирди. 

Ошондой эле, Турсунбеков - Кыргызстан менен БУУнун республикада жүзөгө ашырылган социалдык-экономикалык мүнөздөгү долбоорлорунун алкагындагы кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Анын айтымында, туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өлкөдө түзүлгөн 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарын адаптациялоо, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет менен кызматташууда Кыргызстан үчүн БУУнун колдоосу жана жардамы зарыл.

 Жолугушууда тараптар Кыргызстандын муктаждыктарына жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарына ылайык, БУУнун программалары менен долбоорлорун жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.