Жаңылыктар
Баткен облусунда сот органдары боюнча жумушчу топтун жыйын өттү
Аймак
Баткен облусунда сот органдары боюнча жумушчу топтун жыйын өттү

2019-жылдан тартып кылмыш-укук мамилелерин тескеген беш кодекстин жаңы редакциясы менен эки жаңы мыйзам күчүнө кирген. Бул мыйзамдардын тиешелүү органдар тарабынан аткарылуусуна байкоо жүргүзүү боюнча түзүлгөн эксперттик жумушчу топ Баткен облусунда жыйын өткөрдү. Ага соттор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жана пробация органдары катышты. Аталган жумушчу топ бул багытта соттук өндүрүшкө чейинки иштерде укук коргоо органдарынын аракеттери боюнча да мониторинг жүргүзүштү. Мындан сырткары Сот имараттарына коюлган аудио-видео жазуу каражаттарын текшеришти.

“Сотко чейинки өндүрүштө милиция, ГСБЭП, ГКНБ деген органдар бүт ушул жаңы ыкмалар менен жүрүш керек тергөө жагынан. Ошолордун баягы “Бирдиктүү рээстр” деген кабыл алынган. Бирдиктүү рээстр кандай иштеп атат. Тергөөчүлөрдүн амалдары кандай болуп атат. Алар жабдуулар менен камсыздалганбы ошолорду бүт карап атабыз”,- деди Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев.