Жаңылыктар
Каттоо кызматындагы аракеттер
Саясат
Каттоо кызматындагы аракеттер

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. 

Тайырбек Сарпашев Мамлекет башчысына 2016-жылы өтө турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кезектеги шайлоолорго жана 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктар боюнча маалымат берди. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте аткарлып жаткан иштер тууралуу, Кыргызстан калкын өздүк документ менен камсыз кылуу ырааттуулугу боюнча айтылды. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, калкты каттоо жана эсепке алуунун так жана заманбап системасы болгондо гана ар кайсы чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын натыйжалуулугу камсыз болот. Мамлекет башчысы мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.