Жаңылыктар
ТИМ: Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт
Саясат
ТИМ: Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

Ушул жылдын 14-октябрында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин (ТТМКК ТИМК) кезектеги жыйынына катышат. Жыйынга ТТМККга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведостволорунун башчыларынан тышкары Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто дагы катышат.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 15-октябрында өтө турган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Кеңешине даярдануу маселесин талкуулашат.

КР Түрк кеңешине төрагалык кылуу жылында Уюмга Өзбекстандын толук укуктуу мүчө катары кошулуусу жана Уюмдун европадагы бөлүмү катары болуучу Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Өкүлчүлүгүнүн ачылышы көрүнүктүү окуя болду.