Жаңылыктар
Россияда «Евразия интеграциясынын Алтай багыты» аталган тегерек стол өттү
Мекендештер
Россияда «Евразия интеграциясынын Алтай багыты» аталган тегерек стол өттү

Россиянын мамлекеттик думасында «Евразия интеграциясынын Алтай багыты» деген аталышта тегерек стол өттү. Ага Кыргызстандан, Азербайжандан, Грециядан жана Россиядан өкүлдөр катышты.Россиянын мамлекеттик думасынын комитеттери «Евразия интеграциясынын Алтай багыты» аттуу жыйын өткөрдү. Анда чогулган окумуштуулар, Мамлекеттик думанын депутаттары, жана дипломаттар евразия ингерациясынын өнүгүү процесстерин тереңдетүү жолдору менен өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоо маселесин талкууга алды. Уюштуруучулар белгилегендей, биримдиктин бекемделишинде, көп улуттун байыркы мекени катары саналган, тарых табериктеринин бири – Алтай аймагы да чоң мааниге ээ.

Акыркы убактарда «Алтай цивилизациясынын» тегерегинде түрдүү жыйын, форумдар өтүп, бул жаатта окумуштуулар да бат бат жолугушууларды өткөрүүдө. 2 жыл мурда Кыргызстанда “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” аттуу эл аралык форум  өткөн. Бул ири жыйын дагы, окумуштуулардын ийри отуруп түз кеңешүүсүнө жол ачып, биримдикке багытталган максатты чыңдаган. 


Россия тарап дагы, эмдиги жылы Алтай жергесинде дал ошондой эл аралык жыйын өткөрүүнү пландоодо. Буга чейин Алтай элдеринин окумуштуулары тарабынан түрдүү демилгелер көтөрүлгөн. Анын ичинде Якутияда Евразия элдеринин эпосторунун Эл аралык борборун түзүү да бар. Буга кошумча «Манас» эпосун дагы Алтай тектүү элдердин тилине которуу пландалууда. Бул үчүн Алтай мамлекеттик университетинде котормочулар даярдалып жатат.

Жыйындын катышуучулары тарабынан Евразия мейкиндигиндеги биримдиктин чыңдалышына  «Алтай цивилизациясынын»  да ролу чоң экени айтылды. Саясий идеяга жамынган диний, улуттук жана расалык бөлүнүүчүлүккө караганда, евразия айдыңында биригүү, алда канча пайдалуу экени бир ооздон баса белгиленди.Тарыхый жазма булактарда сакталып калган Энесай кыргыздары. 6-кылымдан 13-кылымдын башына чейинки доордо жашаган Кыргыз кагандыгынын тарыхынын орчундуу бөлүгү - Улуу Кыргыз кагандыгынын доору. Демек, кыргыздар үчүн Алтай темасынын символикалык мааниси бар. Биздин улуу Манас атабыздын Алтайда төрөлгөнү да, барына маалым.Ушул тарыхый далилдерди эске алып, кыргызстандык өкүлдөр Алтай жергесине атайын эстелик тургузууну сунуштады.