Жаңылыктар
Борбордук Азия чөлкөмүндө кыргыз оймосу баркталды
Маданият
Борбордук Азия чөлкөмүндө кыргыз оймосу баркталды

Орусия демекчи, Москва шаарында “WORLD BEAUTY” компаниясы уюштурган сынакта кыргызстандык дизайнер биринчи орунду багынтты. Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер ортосунда өткөн мелдешке жалпы 80 чебер катышкан. Ош шаарынын тургуну Минура Ортыкованын кыргыз оюуларын заманбап үлгүдө айкалыштырып жараткан эмгеги калыстар тобунун жогорку баасына татыган. Шөкөтчү Ош шаарында жашайт, үч баланын энеси.

Күчтүү катышуучулар көп болду, мен Кыргызстандын атынан баргам, 1-орунду багынттым. Алдыда дагы бара турган конкурстар бар, Кыргызстандын желегин дагы да бийик желбирете берем деп ниет кылуудамын,- деди чебер Минура Ортыкова.