Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынан эки оюнчу кетти
Спорт
 Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынан эки оюнчу кетти

Кыргыз курама командасынын эки футболчусу улуттук командадагы ишин жыйынтыкташты. Кыргыз - Мьянма беттеши алдында Даниел Тэго менен Павел Сидоренко күйөрмандарынын алдында коштошушкан. 

Павел Сидоренко 2007-жылдан 2012-жылга чейин Кант шаарындагы “Абдыш-Ата” клубунун атынан ойногон. Үч жолу Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү болгон. Эки жылдан бери “Дордой” курама командасында ойноп, жалпы 27 оюн өткөргөн. 

Ошондой эле, Даниел Тего беш жыл мурда алгачкы жолу курамга чакырылып, 21 оюн өткөргөн. Эки футболчу тең быйыл Азия Кубогунда ойношкон.