Жаңылыктар
Умтул Орозова мыкты сапаттары менен элдин эсинде түбөлүккө сакталат
УТРК жаңылыктары
Умтул Орозова мыкты сапаттары менен элдин эсинде түбөлүккө сакталат

Кыргыз маданияты оорду толгуз чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү телережиссёр жана коомдук ишмер Умтул Орозова 80 жашка караган кезде дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү 13-октябрда “Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.            

Умтул Шейшеевна Совет доорунун кайра куруу учурунда 6 жыл жетекчи болуп турган кезде кыргыз телерадиосун эң жогорку деңгээлге көтөрө билген, билимдүү, талабы күчтүү, кызматкерлерге камкор мамиле жасаган ишмердик мыкты сапаттары менен эсте калды деп эскеришет кесиптештери. 

Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, чыгармачылыкта мыкты режиссёр, кыргыз телерадиосунда татыктуу из калтырган жетекчи жана Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинде маданият тармагын тейлеп уюштуруучулук жагынан такшалган коомдук жана мамлекеттик ишмер, СССР Жогорку Советинин  депутаты болуп, соңку 10 жылда Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде маданият бөлүмүндө иштеген.

Умтул Орозованы акыркы сапарга узатууга барган көчүлүк жогорку партиялык кызматкерлер, КТРКнын чыгармачыл жамааты болду. Умтул Орозова кандай гана кызматты аркалабасын тарыхта татыктуу ордун ээлеп калган. 

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов, Умтул Шейшеевна кандай маселе болбосун өз учурунда көтөрө билген, позициясы бекем, билимдүү аял жетекчилердин бири катары эсинде калганын айтты.  

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү диктор Тамара Жаманбаева, замандашы катары 1978-жылдан бери билерин айтып, теле режиссураны мыкты деңгээлге көтөрө билген мыкты кесипкөй экенин эске салды.  

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү теле режиссёр жана коомдук ишмер Умтул Орозова кыргыздын тунгуч дирижёру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы туулган. Өмүрүн партиялык жана телерадиого арнаган мамлекеттик ишмерди акыркы сапарга узатуу учурунда: талабы күчтүү, билимдүү, кызматкерди кунт коюп уккан камкор жетекчи жана  адамдык асыл сапаттарын замандаштары эскерди. Маркумдун сөөгү 13-октябрда “Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Каипова, "Биринчи радио"