“Карысы бардын ырысы бар”. Мына ушундай аталыштагы иш-чара борбор калаада өттү. Саамалык карылар күнүнө жана эл аралык мугалимдер күнүнө арналды.
23 жылдан бери мыкты адистерди даярдоодо жана билим берүүгө зор салымын кошуп келе жаткан Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы “Карысы бардын ырысы бар” жана “Эл аралык мугалимдер күнүнө” карата иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын максаты убагында коомдук иштерге жигердүү катышып, азыр ардактуу эс алуудагы ардагер мугалимдерге көңүл буруу. Иш-чарада ырчы, бийчи, ошондой эле төкмө акындар концерттик программа тартуулашты. Кыргызстандын алдыңкы адистерин даярдоодо талыкпай эмгек жасаган ардагерлерге сыйлыктар да берилди.