Жаңылыктар
Жабыр тарткандарга жакындан жардам
Өзгөчө кырдаал
Жабыр тарткандарга жакындан жардам

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна жумуш сапары уланууда. Сапар алкагында өкмөт башчы бүгүн Сузак районуна барып, Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу ишинин жүрүшү менен жеринен таанышаары маалымдалды. 

Эске салсак, кечээ Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков табият кырсыгынан жабыркаган аймактардан кабар алуу үчүн Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган. 

Өкмөт башчы Аксы районундагы Чалдыбар жана Кезарт айылдарына барып, 3-майда болгон жер көчкүдөн жапа чеккен аймактарды көрдү. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат, көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу министр Кубатбек Боронов маалымат берди. 

Аксыда 50 үй жабыркап, 31 турак жай көчүрүлүүгө муктаж жана 2 үй авариялык абалда деп табылган. Мындан сырткары 192 баш мал көчкү астында калды. Аймакты калыбына келтирүү үчүн 1700 литр күйүүчү май жана 12 тонна цемент жеткирилди. 

Жергиликтүү тургундар арасынан турак жайы жабыркагандарга 10 орундуу чатырлар берилди. Жалпы болуп 6 айыл округунда 10 атайын техника иштеп жатат. Азыркы тапта жалпы чыгым эсептелүүдө.