Жаңылыктар
Мезгилдик жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны өсүүдө
Ден соолук
Мезгилдик жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны өсүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен инфекциялык жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны көбөйүп, бейтапканаларда кезек күткөндөр арбын.

Беш-Күнгөй конушунун кичинекей жашоочусу Кымбат Муратбек кызы кечинде дене табы көтөрүлүп, таң атары менен апасы республикалык инфекциялык ооруканасына алып келген. Учурда 400 орундуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык оруканасында бейтаптар бөлмөлөргө батпай, коридорго керебеттерди коюп, жаткырууга аргасыз. Ал тургай, балдар менен чоң адамдар да бөлүнбөй, баары бир жерде дарыланышууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл оорунну алдын алуу максатында 150 миң өлчөмдөгү вакцина сатып алып, жер-жерлерге тараткан. Алар биринчи кезекте "тобокел" топтогуларга колдонулат. Аталган топко кош бойлуулар, өнөкөт оорулар менен ооругандар, медкызматкерлер, 65 жаштан жогору курактагылар жана ымыркайлар кирет.

Кыргызстанда жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы бейтаптардын саны 50 миңге жетсе, быйыл жыл аяктай электе көрсөткүч алдаганча жогору. Ооруну өтүштүрбөй, убагында бейтапканага кайрылып, дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткаруу тез сакаюуга мүмкүнчүлүк түзөт.