Жаңылыктар
Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгы белгиленди
Маданият
Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде Эл аралык радио күнү белгиленип жатат. Ал эми Кыргыз радио бирикмесине быйыл 85 жыл толот. Бул маараке Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу белгиленди. 


1931-жылы алгачкы жолу обого үнү жаңырган Кыргыз радиосунда залкар инсандардын эмгеги калды. Бул убакыт аралыгында кыргыз радио бирикмеси далай дабандарды ашып, өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болду.  Кыргыз радиосу кадам таштагандан баштап, башынан өткөргөн тарыхы, азыркы учурга чейинки маал сахналаштырылып тартууланды. 


 Майрамдык салтанатка президенттин, өкмөттүн  аппарат өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер, радио ардагерлери, кызматкерлери жана меймандар катышты. 


Учурда радио бирикме заманбап технологиянын шартында ишин улантып,  5 радио үзүрлүү иштеп жатат. Ал эми улуттук көөнөрбөс баалуулуктар “Алтын фондуга” жазылып алынган.