Жаңылыктар
Токтогул районунун Кара-Тектир айылында таза суу көйгөйү чечилет
Аймак
Токтогул районунун Кара-Тектир айылында таза суу көйгөйү чечилет

Токтогул районунун Кара-Тектир айылында ичүүчү суу көйгөйү толук чечилет. 54 миллион сомго бааланган таза суу долбоорунун башталганына 1 айдын жүзү болду. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Тектир айылына 1980-жылы таза суу системасы курулулган. Болгону 150 түтүндү камсыздай турган система кийинчерээк эскирип, толугу менен пайдалануудан чыккан. Айыл эли көп жылдан бери булак жана сай суусунан ташып ичет. Эми Кара-Тектирликтер таза суу көйгөйүнөн толук арылмай болду. Айылга таза суу тартуу долбоору башталды.

10 күндөн бери казуу иштери башталды. Азыркы учурда 1 чакырым жер казылып, анын 300 метр аралыгына түтүк көмүлдү. Негизги суу түтүгү 6 көчөгө тартылат. Жалпысынан айылдын ичине тартыла турган негизги суу түтүгүнүн узундугу 20 чакырым болот. Айыл эли таза суу маселеси толук чечилет, - деп кубанып отурушат.

Долбоор боюнча суу чорголору көчөдө эмес, ар бир үйдө жайгашат. Көчөдөн суу түтүгүн үйгө тартуу иштерин ар бир тургун өз эсебинен жүргүзөт. Айыл өкмөтү да жардам берет. Ар бир үйгө суу эсептегич коюлат.

Келишим боюнча иштер 2020-жылдын сентярь айында бүткөрүлөт. 54 миллион сомдук долбоорду “Ислам” өнүктүрүү банкы каржылоодо. Жаңы-Жол айылына Түрткү берүүчү гранттын колдоосу жана айыл өкмөттүн каржылоосу аркылуу 2 жарым миллион сомго таза суу тартуу иштери аткарылган. Анда 300 дөн ашуун түтүн пайдаланат.