Жаңылыктар
Онкологиялык оорулууларга карата мыйзамга өзгөрүүлөр кирди
Ден соолук
Онкологиялык оорулууларга карата мыйзамга өзгөрүүлөр кирди

“Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, бардык онкологиялык оорулуу жарандар акысыз дарыланат деген жобо жокко чыгарылды. 

Бейтаптарды сапаттуу дарылоо үчүн онкология кызматын жакшыртуу керек. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. 

Анын айтымында, аталган министрлик көп жылдардан бери онкологиялык кызмат боюнча маселелерди көтөрүп келишкен. 

Бирок, ага карабастан бейтаптарга сапаттуу жардам бере алышкан эмес. Учурда Кыргызстанда рак оорусу менен 23 миңден ашык жаран катталган. Ал эми статистика боюнча бул оорудан өлкөдө жылына үч миңден ашык жаран каза табат.