Жаңылыктар
Кыргызстанда инвестиция тартууда олуттуу натыйжалар бар
Экономика
Кыргызстанда инвестиция тартууда олуттуу натыйжалар бар

POST1RIGHT

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанда ишкерчиликти өнүктүрүү жана коргоо багытында, инвестиция тартууда олуттуу натыйжалар бар. Ишкерлик менен алектенгендердин мыйзамдуу укуктарын коргогон Бизнес-Омбудсмен институтунун пайда болушу буга күбө. 

Аймактарда бизнес долбоорлорду каржылоо үчүн 2019-жылы "Аймактарды өнүктүрүүнүн каржылоо долбоорлорунун борбору" ААК түзүлгөн жана 2 млрд. сом бөлүнгөн. Дүйнөдөгү 52 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимин киргизген. 

Өлкөдөгү аймактардын өзгөчөлүгүнө жараша ишкерлерди каржылык колдоо максатында 400 миң долларды камтыган "Долбоорлорду даярдоо фонду" түзүлгөн.