Жаңылыктар
Батукаев боюнча сотко келүүдөн Атамбаев экинчи ирет баш тартты
Кылмыш
Батукаев боюнча сотко келүүдөн Атамбаев экинчи ирет баш тартты

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу 15-октябрга жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотко экинчи ирет келүүдөн баш тартканы себеп болду. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтуусунда, мурдагы президент сотко барбай турганы боюнча арыз жазып берген. Бирок сот Атамбаевдин арызында өтүнүч бөлүгү жок болгондуктан Жазаларды аткаруу мамкызматынан мурдагы президентти сот залына алып келүүнү талап кылды. 

Башкы прокуратуранын кылмыштык жана жарандык соттук өндүрүш башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев билдиргендей, мамлекеттик айыптоочу тарап айыпталуучу Атамбаевдин укуктарын тебелебестен, сотко Кылмыш – Жаза Кодексинин талаптарын келтирди. Буга чейин ИИМден билдиришкендей, Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 

Шектелип жаткан 14 киши сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп берген . Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн.

Атамбаев бүгүн камерадан чыкпайм деп ал тууралуу канвой жетекчиси түзүлгөн актыны алып келди. Мыйзамда көрсөтүлгөн менин катышуумсуз карагыла деген, мен катышпайм дегени өтүнүчкө жатпайт. Сот токтом чыгарып берди Атамбаевдин алып келүү боюнча,- деди Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык иштер боюнча башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев.

Бүгүн айыпталуучу дагы эле келген жок. Эми кандай болот алдыда тараптардын пикирин угуп сот чечет. Ошол себептен тыныгуу жарыяланды,- деди  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүлү Асель Равшанбекова.