Жаңылыктар
Орусиядагы студенттер элчиликтин кызматкерлери менен жолугушту
Билим
Орусиядагы студенттер элчиликтин кызматкерлери менен жолугушту

POST1RIGHT

Орусиядагы жогорку окуу жайларда окуган мекендештер, Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери менен жолугушту. Бул “Жаш толкун” студенттик уюмунун мүчөлөрү жаңы окууга кирген 1-курстун студенттерине ар тараптуу жардам көрсөтүп келишет. 

Ошондой эле, болочоктогу юристтер эмгек мигранттары үчүн атайын кеңеш берүүнү да демилгелеп чыккан. Бул жолугушууда студенттер менен элчиликтин өкүлдөрү түрдүү маселелерди талкуулап, келечек пландар тууралуу ойлорун ортого салышты. 

Белгилей кетсек, жыл сайын Россиянын жогорку окуу жайларындагы атайын бөлүнгөн орундарга 350дөн ашык кыргызстандык жарандар тапшырат.