Жаңылыктар
Өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуулардын келечеги талкууланды
Саясат
Өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуулардын келечеги талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчы Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынына катышат. Жыйын Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 башталат.