Жаңылыктар
Жеңиш майрамына даярдыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш майрамына даярдыктар

Бишкекте Улуу Жеңиш майрам күнү өтчү митинг-реквиемге даярдык аягына чыгып калды. Бүгүн майрамдын урматына карата уюшулган иш-чарадагы баардык учурлар кылдаттык менен алдын ала даярдалды. Өчпөс отко гүл чамбардун коюлушунан тарта ким эл алдына чыгып сөз айтат, катар тизилген аскерлер кантип басат баардыгы эске алынды. 

Чакан парадга Бишкек гарнизонундагы күч түзүмдөрүнүн аскерлери бир нече күндөн бери камынып, бүгүн жыйынтыкталды. 9-май күнү Жеңиш аянтындагы саамалык согуштун ардагерлери жана Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, президент Алмазбек Атамбаев катышуусунда өтөт. 

Андан тышкары Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү, аскердик атташелер жана шаар коноктору келишет. Митинг-реквиемден соң, салтка айланган ардагерлерди сыйлоо уланат. Атайын тигилген чатырларда, жеңиштин ээлерине аскер боткосу менен фронттук жүз грамм берилмекчи. 

Ошондой эле, Шопоков көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы аскер техникалары коюлуп, жеңишти алып келген курал-жарактарды каалоочулар көрө алат. Ал эми аскердик чоң парад эгемендик күнүнө карата өткөрүлөт.