Жаңылыктар
Жалпак-Таш айыл аймагында таш кесүүчү ишкана ишке кирди
Аймак
Жалпак-Таш айыл аймагында таш кесүүчү ишкана ишке кирди

Сары таштын мекени делинген Жалпак-Таш айыл аймагында дагы бир таш кескен ишкана ишке кирди. Аны жергиликтүү тургун иштетүүдө. Түз-Бел айылына түшкөн ишканага 10 жумушчу кабыл алынган. Ал суткасына 300 чарчы метр куб ташты кайрадан иштетет. Өндүрүлгөн продукция Өзбекстан, Казакстан жана Орусия мамлекеттерине экспорттолот. Жалпак-Таш айыл аймагы сары таш же травертин ташы бар жалгыз чөлкөм. Мында 14,5 млрд. кубометр кендин кору бар экени айтылып келет. Аны иштетүүгө уруксат алган 50дөй компаниянын ичинен 17си туруктуу иштетет. Кен 1981-жылдан тартып пайдаланууга берилген.

Беш күн иштейбиз, эки күн эс алабыз. Бул учурда ата-энебизге жардам берип, үйдө болобуз, айлыгы жакшы,- дейт Түз-Бел айылынын тургуну Байназар Эркали уулу.