Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан курамасы Монголия командасын утту
Спорт
Футбол: Кыргызстан курамасы Монголия командасын утту

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Монголия командасын 1:2 эсебинде жеңип алды. Беттеш Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында болуп өттү.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Алыкулов менен Мурзаев гол киргизишип, Кыргыз курамасын алдыга чыгарды. Экинчи таймда эреже бузуу катталып, үй ээлери пенальтиден 1 гол киргизишти. Беттештин калган бөлүгүндө гол катталган жок. 

Эске сала кетсек, бул оюн Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өттү.