Жаңылыктар
Ысык-Көл районундагы жайлоолорго чыга турган жолдор оңдолууда
Аймак
Ысык-Көл районундагы жайлоолорго чыга турган жолдор оңдолууда

Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын жайлоолоруна чыга турган жолдор оңдолууда. Долбоордун алкагында токсон метр жерге темир бетон куюлду. Себеби бул тилке эң кооптуу деп табылып, буга чейин малчылардын көчүү-конуусуна кыйынчылык жаралып келген. Бул долбоор АРИС тарабынан колдоого алынып 1 миллион 230 миң сом бөлүнгөн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Тору-Айгыр ашуусунун экинчи тарабында Көл жана Жел-Тийбес жайлоолору бар, анда төрт айылдын малы жайлайт. Тору-Айгыр айыл өкмөтү 2017-жылы АРИСтин мал чарбасы жана базарды өнүктүрүү долбооруна катышып бир техника алган.

Союз убагында карап турушчу эле бул жолдуу. Бирок анда деле өз деңгээлинде каралган жок. Кийинки учурда мына бул жайыт комитетине өтүптүр, алар болгон аракетин кылып атышат. Алар түшкөн каражатка жараша иш кылып атышат десем болот да. Мына каражат бөлүндү эле азыр кандай кылып жасап коюшту. Малчылар үчүн жакшы эле болбодубу,- дейт Тору-Айгыр айылынын тургуну Сооронбай Токтобаев.