Жаңылыктар
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин саммити
Саясат
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин  саммити

Президент Сооронбай Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынында Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктарын чыгарды. Мамлекет башчысы Кыргызстан өзүнүн төрагалык мезгилинде Уюмду мындан ары өнүктүрүү, мамлекеттердин ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, достук мамилелерди бекемдөөгө бардык күч-аракеттерди жумшаганын билдирди.

Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери 55 иш-чара уюштурулса, анын ичинен 15и - Кыргызстандын төрагалыгында өткөнүн айтты.

"Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу макамына ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды. Өкүлчүлүк түрк жана европа цивилизацияларынын ортосунда өз ара жигердүү байланыштарды түзүүгө түрткү берет. Өзбекстандын жана Венгриянын Түрк кеңешине катышуусу менен, биздин башка боордошторубуз дагы жакынкы келечекте уюмга кошулууга кадам таштайт деп ойлойм", - деди Президент.

Ал Уюмдун кеңейиши менен, кызматташтык көп тараптуу өнүгүп, түрк тилдүү элдердин ортосундагы карым-катнаштар күчөйт деген ишенимин билдирди.

Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Түрк инвестициялык-интеграциялык фондунун концепциясы бекитилип, билим берүү жана транспорт тармактарында кызматташуу күчөгөнүн, быйыл июль айында Стамбул шаарында Түрк биргелешкен Соода-өнөр жай палатасынын кеңсеси ачылганын кошумчалады.

Ошондой эле, Түрк Кеңешинин Ислам кызматташуу уюмунда байкоочу макамын алуусу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. "Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Анын алкагында Түрк дүйнөсүнүн этно-маданий фестивалы", "Байыркы Ош - цивилизациянын борбору" сыяктуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү", - деп эске салды Президент.

Ал Кыргызстандын төрагалык учурунда ушул маанилүү иштерди жүзөгө ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөткөнү үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө мамлекеттердин бардык башчыларына ыраазычылык билдирди.