Жаңылыктар
Бишкектин “Чалбай” жаңы конушунун тургундары газ тутумуна кошулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин  “Чалбай” жаңы конушунун тургундары газ тутумуна кошулду

Бишкектин четиндеги “Чалбай” жаңы конушунун тургундары газ тутумуна кошулду. Калктуу конушка жаратылыш газын берүү боюнча өткөн иш-чарага Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Мурат Осмонов, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын директорунун орун басары Мурат Сулайманов жана жергиликтүү тургундар катышты. 




Кыйынчылыктар менен ыңгайсыздыктар акырындап жоюлуп жакшы жашоого шарт түзүлүп жатканына 14 жыл мурун түптөлгөн “Чалбай” жаңы конушунун тургундары өзгөчө кубанышты.




Адегенде электр жарыгы менен андан кийин таза суу, эми жаратылыш газы менен камсыз болгон “Чалбай” конушундагылардын инфратүзүмүн оңдоп жана өнүктүрүү үчүн тиешелүү район жетекчилери тарабынан да алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө.


Адистердин айтымдарында, бул жылы Чалбай жаңы конушу менен катар эле Аска-Таш, Алтын-Бешик, Учкун, Маданият жана Достук конуштарында газдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.