Жаңылыктар
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бюджеттик каражатты туура пайдаланууну шарттайт
Экономика
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бюджеттик каражатты туура пайдаланууну шарттайт

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” өлкөдөгү муниципалдык жана жалпы улуттук инфраструктуралык долбоорлордун өнүгүүсүн тездетүүгө жана колдоого багытталган. Борбор июнь айында түзүлүп, сентябрда жетекчиси дайындалды. Тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонуу кызмат көрсөтүүдө бюджеттик каражатты туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. 



Бул багытта иштер республикада 2012-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам кабыл алуу менен башталган. Эки жылдан кийин инвестицияларды коргоо жана алга жылдыруу боюнча агенттик жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүүчү фонд түзүлгөн. 2017-жылы 15 долбоор даярдалып, анын бирөөнү ишке ашыруу келишими кабыл алынган. Ал эми 2019-жылы жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” түзүлүп, ага 23 долбоор түшкөн. Бүгүнкү күндө анын үчөөнү ишке ашыруу келишимине кол коюлду.


Мындай борбордун түзүлүшү өлкөдө жеке тараптар үчүн да, мамлекеттик жактар үчүн да зарыл. Мекеменин максаты тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен чогуу МЖӨнүн долбоорлорун даярдоо, аны ишке ашырууну уюштуруу жана коштоо болуп саналат.


Эл аралык рейтингдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн түзүлүшү менен алга жылуулар байкалган. "Экономист гроуп" аналитикалык бөлүмүнүн отчетунда жазылгандай, Кыргызстан Азия мамлекеттеринин арасында 61 упай алган.