Сот Алмазбек Атамбаев менен Калыбек Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөрүүсүз калтырды. Мурдагы мамлекет башчысына карата кылмыш ишин кыскартууну, ал эми Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин мурдагы кеңешчисин үй камагына чыгарууну жактоочулар өтүнгөн.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган жок. Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар мурдагы кызмат адамдары кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишине айыпталууда. Алардын көпчүлүгү тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, бошотулган. Бул жолку соттук отурумга Атамбаев катышкан жок. Кийинки отурум 16-октябрда уланат.
Атамбаев соттук отурумду өзүнүн катышуусуз эле өткөрүүнү өтүнгөн. Мындай учурда анын катыштырбай эле отурумду өткөрсө болот,- деди Башкы прокуратуранын улук прокурору Медербек Абдышов.